Menu

Евробиримдик Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысын дайындады

Бөлүшүү:

Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы башчысы болуп Эдуард Ауэр дайындалды. 20-сентябрда ал өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге ишеним грамотасын тапшырып, өз милдеттерин аткарууга киришти.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жолугушууда Ауэр менен Абдылдаев билим берүү, укук үстөмдүгү жана аймактарды комплекстүү өнүктүрүү тармактары боюнча кызматташууга кызыктар экендиктерин дагы бир жолу ырасташты.

Жаңы дайындалган өкүлчүлүк башчысы Евробиримдик Кыргызстандагы демократия менен адам укуктарын бекемдөөгө багытталган жараяндарды колдой турганын белгиледи.

Эдуар Аэур буга чейин кеңсеси Брюсселде жайгашкан Европанын тышкы байланыштар кызматынын Батыш Балкан боюнча бөлүмүнүн башчысы болгон. Ага чейин ЕБдин Тажикстандагы өкүлчүлүгүн жетектеген.

ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы башчысы Чезаре Де Монтис өз миссиясын былтыр октябрда аяктаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: