Menu

Руслан Акматов контрабандачылардын кураторубу?

Бөлүшүү:

Руслан Акматов десе эле, эсил кайран «ФС-1» препараты эске түшөт. Эки адамдын өмүрүн алып, элдин эсин чыгарган бул препаратка уруксат бергендердин көч башында дал ушул адам тургандыгы айтылган. Башкы прокуратура болсо кылмыш ишин козгогон. Ахалай-махалай, сүфф болуп, анан эле ал иш аягына чыкпай арабөк калган. Ал эми Акматов болсо “кой терисин жамынып”, дагы деле дары-дармек департаментинин орун басары катары далай токтомдорду токуп, дайыны жок дарыларга уруксат берип олтурган чагы дешет. Айтор, контрабанда менен кирип жаткан препараттарга дал ушул адам кураторлук кылып, “өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илүүдө” деген маалыматтар бар. Алардын мындай көз боемочулугуна чыдабай, коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомдук бирикмесинин жетекчиси Камил Умаров башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго официалдуу кайрылуу катын жолдоду. Ал калкка коркунуч жараткан препараттарга уруксат берип жаткан жетекчилердин жоопко тартылышын талап кылууда. Муну менен катар, Умаров “Тонг-кат Али” аттуу биокошулманы булар дары иретинде каттатып, салыктан бошотууга жол ачышкандыгын, мунун кесепетинен бюджетке ири өлчөмдөгү акча каражаты түшпөй калгандыгын билдирүүдө. Акматовдун мындай жосунсуз иш-аракеттерин шурудай тизмектеген Камил мырза, учурда Башкы прокуратурадан сырткары бардык тиешелүү мекемелерге, ведомстволорго кайрылуу каттарын жолдоду. Бул маселени президент менен баш прокурор Өткүрбек Жамшитов жеке көзөмөлүнө албаса иш чатак окшойт. Дары-дармек департаментинин жетекчилери контрабандачылар менен ымалаша баштаса, анда иш өлгөн экен да…

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: