Menu

Беларуста мурдагы тажик футболчусу кармалды

Бөлүшүү:

Парвиз Турсунов

Беларустун укук коргоо органдары мурдагы тажик футболчусу, 43 жаштагы Парвиз Турсуновду кармады. 2011-жылы Тажикстандын футбол федерациясы сакалын кыскартуудан баш тарткандыгы үчүн анын оюн талаасына чыгуусуна тыюу салган.

Турсуновдун жакындарынын айтымында, ал 18-сентябрда Минск аэропортунда кармалып, жубайы менен төрт баласы Украинага жөнөтүлгөн.

Жубайы Саера Субхонова 23-сентябрда телефондон айтып бергенине караганда, алар акыркы бир нече жылдан бери Араб Эмиратында жашап келатышкан. Кийин Европа өлкөлөрүнүн бирине көчүүнү чечишкен. Түркия, Украинадан кийин Минскке барып, андан ары Польшадан башпаанек сурашмак.

Мурдагы футболчунун жакындарынын биринин айтымында, бир нече жыл мурда тажик бийлиги Турсуновду салафизмге айыптап, ага каршы кылмыш ишин козгогон. Сайёра Субхонова буга анын сакал коюп жүргөнү себеп болгонун айтууда. «Баары ал футболчу болуп жүргөндө башталган. Алгач анын сакалчан ойноосуна уруксат беришкен жок, кийин футболду же сакалды тандашы керектигин айтышты. Ал футболду таштап Дубайга кеткенден кийин мекенинде аны салафизмге айыпташты», — деди ал.

Парвиз Турсунов Тажикстан жогорку дивизионундагы «Хайр» (Вахдат) командасынын алдыңкы оюнчуларынын бири болгон. Оюндан четтетилген футболчу анда эч качан сакалын албай турганын айткан.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: