Кезинде коррупция боюнча камалып, мамлекетке 10 миллион сом айып төлөп, натыйжадан ден соолугуна шылтоолоп абактан кутулуп кеткен Акматбек Келдибековдун ишмердүүлүгү, баскан жолу таза эместиги коомго дайын. Өкүнүчтүүсү дал ушундай шакмары шардырагандар абийир, тазалык тууралуу акыл айтып, коомдун күзгүсү болгусу келгени күлкү келтирген жорук эмеспи. Дегенибиз, Келдибеков: “Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопкерчиликке тартып камаш керек” деп президент Сооронбай Жээнбековго кеңеш айтууда. Сыягы, кек алуу инстинкти ойгонуп, уктай албай жаткан көрүнөт. Эң негизгиси эл айтса дагы Келдибеков тазалык, коррупция менен күрөшүү тууралуу ооз ачпай эле койсо болмок. Өз жарасын өзү тырмабай.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ