Казакстан мамлекетинин Чыгыш Казакстан облусундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, кырсык Бескарагай районунда болгон. Трассада муз тебүүнү уюштурган үч баланын оюнунун аягы өлүм менен аяктаган. “Nissan Terrano” үлгүсүндөгү машинанын 19 жаштагы айдоочусу желим баллондун үстүндө отурган 2001-жылы жана 2002-жылы туулган айылдаш балдарды машинасынын артына жип менен чиркеп алып, Стеклянка айылынан 7 километр алыстап, муз тебүү үчүн трассага чыгышкан. Желим баллондун үстүндө отуруп келаткан эки бала карама-каршы тилкеде келаткан “Nissan X-trail” машинасына барып урунуп, дөңгөлөктүн алдында калган. Катуу жаракат алган эки бала ошол жерден эле көз жумган. Жол эрежесин бузуп, эки баланын өлүмүнө себепкер болгон 19 жаштагы айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ