«Ата Мекен» фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар менен кароо өтүнүчү менен сот, прокуратура органдарына кайрыла турганын фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Ал бул туурасында: «Текебаев ак жеринен эркинен ажырады. Ошондуктан азыркы жаңы бийлик, жаңы сот системасы, жаңы идеология, адилеттүүлүк орносун, калыстык келди деген заман чын болсо Текебаев чыгышы керек. Анткени Текебаев ак жеринен отурганын алты миллион эл билет. Бир далил жок Атамбаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бир шылуунду алып келип прокурордун да, соттун да ролун аткарып камады. Текебаевди сот же прокурор отургузган эмес. Алар унчукпай гана кол көтөрүп берген. Бул жеке Атамбаевдин талабы болгон. Мен Текебаев чыгат деп ишенем», – деп каңырык түтөтө – ыйламсырады…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ