Menu

КР Криминалдык милициясынын кызматкерлери Интерполдун издөөсүндө жүргөн Казакстандын жаранын кармашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан бир катар өзгөчө оор кылмыш иштерин жасап Интерполдун линиясы боюнча издөөдө жүргөн эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралу КР ИИМинин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагында “Макс” аттуу адам жашырынып жүргөндүгү жана аны өзгөчө оор кылмыштарды жасагындыгы үчүн издөөдө экендиги боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган адам Казакстандын жараны экендиги аныкталган. Ыкчам маалымат боюнча Ниязов Мурат 1979-жылы туулган, эл аралык кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана ал кылмыштуу чөйрөдө өзүнүн өзгөчө зөөкүрлүгү менен айырмаланат.
Аныкталгандай, Казакстан Республикасынын кылмыш-жаза кодексиндеги 194, 367, 262-бренелеринде (талап кылуу, уюшкан кылмыштуу топту түзүү) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн М. Ниязовдун сыртынан коңшу республиканын сотунун чечими менен 12 жылган эркинен ажыратылып, Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Эл аралык издөө 2015-жылы жарыяланган. Издөө салган тарап Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздук комитети.
2018-жылдын 22-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин Тез чара көрүү атайын отрядынын колдоосу менен жүргүзгөн атайын операциянын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Ниязов Мурат кармалды.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалып, издөө салган тарапка маалымат жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: