Menu

Каржы полициясы Жалал-Абад облусундагы алдамчылык фактысын аныктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн четтөө фактысын  аныкташты.

Ыкчам-издөө иш-аракеттерин жүргүзгөндө Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгында катталган “А” деген жеке ишкер спирт ичимдиктерин дүң сатуу боюнча ишкердик кылып, салыктарды жашырып, Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына туура эмес отчетторду берип жүргөнү аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгы 2017-жылдын  4-апрелинен 2018-жылдын 1-майына чейинки мезгилде “А” деген жеке ишкерке жүргүзгөн камералдык текшерүүнүн натыйжасында жалпы суммасы  7 миллион сомдон (7 137 057сом) көп салыктар жана төлөмдөр эсептелди. Андан кийин кошумча текшерүү жүргүзгөндө “А” деген жеке ишкер бул кылмышка эч кандай тиешеси жок экендиги аныкталган, себеби Аксы районунун Тосту Кашка-Суу айылынын тургуну “А.К.” деген жаран А” деген жеке ишкердин ишенимине кирип алып, анын атынан алкоголдук товарларды ташып чыгарып жаткан жана салыктарды жашырып, Мамлекеттик салык кызматынын Чаткал району боюнча башкармалыгына туура эмес отчетторду  берип жүргөн.

2018-жылдын 21-сентябрында ЭККМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213 (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдары өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөодөн четтөө) жана 166-беренелеринде (алдамчылык) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: