Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору жана Нарын шаары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери “К.” Ачык акционердик коому (ААК) жана №8 жол-эксплуатациялык ишкананын (мындан ары – №8 ЖЭИ) жооптуу адамдары тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу фактысын аныкташты.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2016-жылдын май айында Жол чарбачылыгы департаментинин (№8 ЖЧД) жол-эксплуатациялык ишканасы менен “К.” ААКнын ортосунда жалпы суммасы 38 миллион сомдон көп көпүрө өтмөгүн куруу жөнүндө келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Көпүрө өтмөгүн куруу келишиминин шарттарына ылайык 8-11-М-1 деген атайын иш долбоору боюнча ишке ашышы керек болчу жана аванс алгандан тартып 7 календарлык күндүн иичнде башталышы керек болчу. Бирок ЖЭИнин жооптуу адамдары келишимди бузуп, “К.” ААКнын эсебине 17 миллион 690 миң сом суммадагы акча каражаттарын которгон, муну менен бирге “К.” ААК көпүрө өтмөгүн кургандын ордуна түзүлгөн келишимдин шарттарында каралбаган “САРМ” деген орточо автомобиль көпүрөсүн орноткон. Азыркы убакта “К.” ААК долбоордун документтерине ылайык көпүрөнү куруу боюнча иштерди баштай элек.
Ошондуктан, “К.” ААКнын жана №8 ЖЭИнин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 17 миллион сомдон көп өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 221-беренелеринде (коммерциялык уюмдардын кызматчылары кызматтык абалын кыянат менен пайдаланышы) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ