КР биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Баатырбеков иш сапар менен Нарын облусуна барды. Алмазбек Баатырбеков иш сапардын алкагында Нарын шаарындагы жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу саламаттык сактоо мекемесинин курулуш иштерин тездетүү керектигин белгиледи.
«Коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Ошондуктан оорукананын курулушун тездетүү керек. Ошол эле учурда иштин сапатына дагы маани берүү шарт. Муну менен катар Нарын облусунун климаттык шартын эске алып, жылытуу системасына чоң көңүл буруу зарыл», – деди Алмазбек Баатырбеков.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, жеңил конструкция менен салынган Нарын шаарындагы оорукананын чатыры жабылып, терезелер орнотулду. Учурда электр жабдууларын монтаждоо, суу киргизүү, имаратты жылуулоо жана ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, оорукана 70 орундуу болот, анын 20сы реанмиция бөлүмүнө ылайыкталып жасалууда. Курулушу иши 55%га аяктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ