Menu

Бала саткандардын башында депутат айым турабы?

Бөлүшүү:

Ушул айда бала сатуу деген балекет бизнестин бети ачылып, бул маселе коомчулукта кызуу талкууну жаратып турат. Укуругу узун укук коргоо органдары бул кылмышка шектүү катары №18-бейтапканада иштеген 5 гинекологду кармады. Ал ортодо бул бала сатуу бизнесин жогорку кызматта иштегендер калкалайт экен деген кеп кетти, ал тургай ал мартабалуу адам ЖКдагы КСДПнын депутаты Гулкан Молдобекова экен деп социалдык түйүндөргө жазып чыгышты. Бул боюнча Гулкан айым ак же көк деп койгонго жараган жок. Жалган жалаа болсо ар кимде ар кандай кудук ойду туудурбай дароо жооп берип койсо болмок. Же жооп берүү ушунчалык оор иш болуп жатабы? Ак болсо акмын, так болсо такмын деп айтып койсо болмок. Баса, Гулкан айымдын күйөөсү, мурунку губернатор, мурунку депутат Мирбек Асанакунов Профсоюз мекемесине жетекчилик кызматка ызы-чуу менен келгени маалым. Ызы-чуу болуп жатып, азыр дымый тушту. Эмне кылып жатканы, эмненин ичинен чыгып аткан боюнча кабар деле жок. Деңгээли чак неме, ансыз деле баягы ментинен тайып калган профсоюзду айлап түшпөсө экен…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: