Былтыркы президенттик шайлоо астында КСДПнын ички «кухнясында» үч талапкердин бирөөсүнө токтоо боюнча талаш-тартыш жүрүп, жыйынтыгында Сооронбай Шариповичтин салмагы өйдө көтөрүлгөн. Бирдиктүү талапкер катары Сокенин алдыга суурулуп чыгышына Икрам Илмиянов да таасир эткени, шефин көндүргөнү боюнча кеп тараганы ырас. Шопурдун ошол эрдиги бааландыбы, бүгүнкү күнгө чейин анын шектүү ишмердиги боюнча күч органдары маселе көтөрүшкөн жок. Тескерисинче, Икрам топтоп алган байлыгы менен чет өлкөдө шапар тээп, жыргап жүрөт. Эмне үчүн ал Кыргызстанга келбейт? Бизге жеткен маалыматгар боюнча, эгерде Илмиянов Бишкекке келсе, камалбайт экен, бирок жеке коопсуздугуна кепилдик берилбесин эшиттик. Көшөгө артынан далайдын канын ичкенби, айтор, Икрамды жаткыза чаап кетүүгө ашыккандар, атургай кыйнап өлтүрүүгө батынгандар да шымаланып жүрүшөбү? Албетте, собол салдык. Эч кимге ыяны жок түз жүргөндө, эл аралап эле басып жүрбөйт беле? Кулкуну жамандын арты ушинтип кууратат окшобойбу?
Кубат Карачев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ