Menu

Чыныбековду “чык эшикке” дечү бирөө жокпу?

Бөлүшүү:

«Востокэлектро» тармагына эне сүтү оозунан кетелек Максатбек Чыныбеков деген «малыш» жетекчи келген. Ал кызматка келгенден бери аймактардагы РЭСтердин жетекчилерин алмаштыруу менен гана алек. Алдыда кылычын сүйрөп кыш келе жатат. Жетекчи сөрөй Максатбек кыш камылгасын көрүүнүн ордуна улам бир жетекчи дайындап, капчыгын кампайтуунун үстүндө. Балакайдын шалаакылыгы депутаттарга чейин билинип, ушул жуманын башында ЖоКенин комитетинде катуу сын айтылды. Эгер чындыкка тик карай турган болсок, Чыныбеков былтыр так ушул маалда: «Өмүрбек Бабанов биздин президент» деп чуркап жүргөнү жалганбы? Бүгүн анын жетекчи болуп отурганы кайсы акылга, кайсы логикага сыят? Анан калса РЭСтин жетекчилигине жалаң өң-тааныштар менен кошо Бабановдун чачпагын көтөрүп жүргөндөрдү сүйрөп келип олтургузуп баштаганы чоң суроолорду жаратып жатат? Балакайды, «чек эшикке» деп койчулар азырынча жок болуп туру. Айдан түшсөңүз деле, акыйкаттык үчүн алдыдагы максаттарыңызды түшүндүрүп койбойсузбу, Максатбек мырза?!

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: