Menu

Абдыганы Эркебаев, коомдук ишмер: “Сөз үчүн, ой үчүн адам айыпталбаш керек да”

Бөлүшүү:

– Абдыганы Эркебаевич, сиз президентке кайрылып, белгилүү саясый жана коомдук ишмерлерге байланыштуу резонанстуу соттук иштерди, анын ичинде Өмүрбек Текебаевге байланыштуу ишти анализдөө үчүн көз каранды эмес комиссия түзүүнү сунуштаптырсыз. Мындай сунушту киргизүүңүзгө эмне себеп болду?

– Буга эки себеп болду. Биринчиси, мен былтыр Илимдер академиясынын президенти кызматынан кеткенден бери «Азаттыктын азаптуу жолу» деген аталышта бир китеп баштап, улам бүткөндөрүн орусчасын орусча, кыргызчасын кыргызча жарыялап келатам. Китепте Кыргызстаңдын жаңы доорундагы,1990-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейинки окуялар камтылып, ага катышкан абдан көрүнүктүү, белдүү инсандардын бейнелери тартылат. Өмүрбек Текебаев да менин мерчемимде ошол китепке бир личность катары кирет. Экинчи себеп, 26-февралда Текебаевдин камалганына толук бир жыл болот. Быйыл ал алтымыш жашка толот. Бул жөн курак эмес. Адамдын улгайган куракка киргенинин башталышы. Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын азыркы саясый кырдаалын түзүп келген, кыргыз саясатынын төбөсү көрүнгөн, эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ушул эки жагдайга байланыштуу, өзүмчө ойго, санаага батып, терең өкүнүп, анан жалпы эле өлкөбүздөгү кырдаалды эске алып, жазууга туура келди. Кайрылуумду пре­зидент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага адрестедим. Максатым – менин оюмду, позициямды Кыр­гызстандын биринчи жетекчилери, жалпы эл билсин. Өмүрбек Текебаев жөнүндө абдан көлөмдүү макаламды орус тилинде жазып бүткөм. Экөөбүз токсонунчу жылдары, парламентке келгенде таанышканбыз. Ошондон берки өмүр жолун, бүт иштерин айтып келип, акырында жанагы эки жагдайга өзгөчө басым жасадым. Бирок, электрондук маалымат каражатгарын билесиңер да, кыскалыкты талап кылат. «Азаттыкка» ырахмат, ток этер жерин жарыялады. Ал эми толук вариантын дагы карап көрөм, мүмкүн гезиттерге берермин. Бирок, китебиме сөзсүз кирет.

– Өзү бул боюнча аксакалдардын, интеллигенция өкүлдөрүнүн бирөө-жарымы үн катышы керек болчу…

– Мен дүйнөлүк тарыхтын алкагында айрым мисалдарды келтирдим. Француз армиясында кызмат кылган Альфред Дрейфус аттуу офицерди 1890-жылдары «Германиянын тыңчысы» деген айып менен ак жеринен камап жибергенде (тегерегиндегилер уюштурган да) бул окуя бүт өлкөдө талкууланып, Франциянын улуу классик жазуучусу, дүйнөдөгү он мыкты калемгердин би­ри Эмил Золя президентке кайрылган, ар бир сот процессине катышып, ондон ашуун макала жазып, кийин китеп кылып да чыгарган. Биздин Азияда, Африкада деле Джавахарлал Неру, Ма­хатма Ганди, Нельсон Мандела сыяктуу ондогон мисалдар бар. Алардын баары кийин акталып, тарыхтан өздөрүнүн татыктуу ордуларын алышты го. Өмүрбек Текебаев дагы 1990-жылдардан бери кыргыз парламентинин көркүн чыгарган эң көрүнүктүү инсандардын бири. Бир жылдан бери Өмүрбектин жоктугу кадимкидей билинип турат. Мени эң кейиткени – андан баш­ка да төбөсү көрүнгөн, же жаңыдан чыгып келаткан башка саясатчылар деле азыр сүйлөп койгону үчүн эле камакта жатышпайбы. Сөз үчүн, ой үчүн адам айыпталбайт да. Чын эле көчөгө чыгып, конституциялык бийликти кулатуу үчүн кандайдыр бир иш кылса, анда бир жөн эле. Мен эл өкүлдөр жыйынына төрага болуп турганда да Аскар Акаев коррупция менен күрөшөм деп тогуз кишини (алардын арасында Мамат Айбалаев.Үсөн Сыдыков, Камчыбек Кудайбергенов, Юруслан Тойчубеков бар) камаш үчүн парламенттен уруксат сураганда биз бербей койгонбуз. «Күнөөсүн далилдегиле, ошондо уруксат берели» дегенбиз. Азыр эми Конституциядагы депутаттын кол тийбестиги жөнүндөгү берене кичине мүлтүлдөгүрөөк. Конституциянын текстин Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Данияр Нарымбаев үчөө жазышкан. Мына эми ошол нерсе өздөрүнүн башына муш бо­луп тийип отурат.

Жаңы келген жетекчи өзүнүн айкөлдүгүн көрсөтүп, өлкөдө тынчтык болуусуна кам көрүүгө тийиш. Мына, Өмүрбек Текебаев боюнча канча ызы-чуу болду, Бектур Асанов, Кубанычбек Ка­дыров, Эрнис Карыбеков качантан бери ачкачылык жарыялап жатышат, ошонун бизге кереги бар беле? Алар чындап кылмыш жасаса, алардын күнөөсү далилденсе бир жөн эле. Текебаевдин сотунда мен да барып күбө болдум. Маевский мен төрага кезде отурган кабинетти «Текебаевдин кабинети ушул болчу» деп көрсөтүп атат. Өмүрбек ал учурда башка кабинетте отурчу. Мен сотто ошентип айттым, башкалар деле айтышты. Ага карабай эле соттоп ийишти. Мунун түпкүлүгү чындыгында саясый күрөш. Өмүрбек да кызуу кандуулукка берилди, ачууга алдырып койду. Андай учурда эмне… ким күчтүү болсо жеңет. Күчтүү президент да. Колунда баардык бийлик, мамлекеттик машина турат. Мен жаңы президенттин сөзүн келтирдим, «мыйзамсыздыкка жол берилип, акыйкатсыздык болуп жатса мен кайдыгер боло албайм» деп атат. Албетте, президент аларды “түздөн-түз бошот” дегенге Конституция боюн­ча укугу жок. Бирок, көз карандысыз комиссия түзсүн. Ф.Кулов, М.Чолпонбаев баш болгон бир топ юристтер, генералдар сая­сый иштердин баары мыйзам жагынан негизсиз деп жазышпадыбы. Башка юристтерди да тартып көрсүн, керек болсо чет өлкөлүк адистерди тартсын. Анан ошолор бир жыйынтыгын айтат да. Туура болсо туура десин, туура болбосо ошонун негизинде сот «жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу» деп ишти кайра караганга акысы бар. Же жаңы келген президент парламент ме­нен кеңешип, мунапыс жарыяласа болот.

– Сиз азыркы президент ме­нен да көп жыл чогуу иштешип калдыңыз. Сооронбай Шарипович ошондой чечкиндүү кадамдарга бара алабы?

– Сооронбай Шарипович ме­нен 1995-жылдан бери таанышпыз, чогуу депутат болгонбуз. Атасын жакшы билем, чогуу чай ичишип, жакшы сөздөрүн көп уккам. Ага-инилерин да жакшы билем. Элдин баары талкуулап аткан, ар бирибиз билген жагдай, өткөн президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев «досум» деп ачык айтып, ага түздөн-түз колдоо көрсөттү. Анан, албетте, аны кыя албайт, муну сөзсүз эске алыш керек. Бирок, мамлекет башчысы бир кишинин досу эмес, жалпы журттун атасы. Жоопкерчилик мунун өзүндө. Мурдагы иштер үчүн Алмазбек Атамбаев жоопкерчилигин алып жасаган. Жаңы президент өзүнчө инсан ката­ры өз жолу менен кетиши керек да. Тарых ушундай. Өтмөчүлдүк, анан жаңычылдык деп коёт. Экөө эриш-аркак болгондо иш ийгиликтүү жүрөт. Жаңы президент коопсуздук кеңешинде ойлорун ачык айтты. Бирок, адамгерчиликти сактап, досун кыялбай, чечкиндүү иштерди жасай элек азырынча. Болбосо ошончо сөз айткандан кийин өзүнө түздөн-түз тиешеси бар, өзү дайындай турган жетекчилерди бошотуп койсо болмок. Ошондо натыйжа чыкмак. Ансыз жөн гана сөз болуп калат. «А» дегенден кийин «Б» деш ке­рек. Кызматта отургандар да бетинде кызылы, уяты бар болсо «президент ушинтип аткандан кийин бетибизди табактай кылып отуруп алганыбыз уят бо­лот» деп өз ыктыяры менен кетсе, андан да жакшы болмок. Европада ошондой. Япония менен Түштүк Кореяда өзүнө кенедей эле шек туулса, өзүн харакири кылып, же көп кабаттуу үйдөн кулап өлөт. Ал жакта маданият кандай! Бизде качан «кет» деп кууп кетирмейинче кетишпейт.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: