Menu

Лондондук BNE журналы: “Атамбаевдин тарапташтары азайып баратат”

Бөлүшүү:

Лондондо ай сайын чыгуучу  Business New Europe (BNE) Intelli News  иштиктүү журналы 8- апрелде жарык көргөн санына Кыргызстандагы кырдаал боюнча макаланы жарыялады. Анда Кыргызстанда демократия урап баратканы барына дайын болуп калганы айтылат. Өлкөдө ноябрдагы президенттик шайлоонун алдында кайрадан эле каршылык көрсөтүүлөр, саясий чыңалуу жана  репрессиялар орун алып жатканы баяндалат.

Болгону бир айдын ичинде эле президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик ыйгарым укуктары аяктаган соң саясаттан кетүү убадасын танып, президенттиктен кийин  Социал-демократиялык партиясын жетектей турганын, ошондой эле парламентти таркатпай турганын билдирди.

Бул окуялар Декабрда өткөн Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн аз өтпөй орун алганы теорияны бекемдеп, Алмазбек Атамбаев президенттик бөлмөнү таштаган күнү дагы, марионетка премьер-министрди дайындап, өлкөнү өзүнүн көлөкөсүнүн көзөмөлү алдында кармоого үмүттөнгөнүн кабар берет. Бирок, Кыргызстандагы көп эксперттер, бул таасир үчүн премьер-министрлик аздык кылаарын айтышууда.

Баш-аягы эки айга жетпеген убакыттын ичинде алты жогорку кызматтагы чиновниктерге коррупция боюнча айып тагылды. Анын фонунда массалык маалымат каражаттарына  жана эркин журналисттерге каршы айыптоолор негедир адаттагыдай эмес катары көрсөтүлүп, ал тургай Атамбаев “Азаттык” радиосу менен эл аралык сотторго чейин жалган жалаага каршы күрөшөөрүн айтты.

Анткен менен 2005-20010-жылдарда эки мурдагы президенттерге анын айланасындагы берилген тарапташтары көпчүлүк болгон болсо, Атамбаевде учурда алар өлкөдөн чыга качкан мезгилге караганда тарапташтар алда канча аз. Ал турсун президент 2010-жылдагы апрель револициясындагы таламдаштарын өзүнө каршы коюп алды.

Бирок, элита чөйрөсүндөгүлөрдүн өзүнө болгон чечкиндүү колдоосунун жоктугу деле анын саясий чыңалтуудан кайра артка тарттыра албады. Тескерисинче, ал ким бирөөлөрдгө айып коюп, өзүн өлкөнүн 77-78 пайыз калкы колдоорун айтып келет.. Бирок, Атамбаев өзүнүн КСДП партиясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо болгону 27, 56 пайыз добуш алганын унутуп калды”,-деп жазат Business New Europe журналы.

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: