Menu

Сайдулла Нышанов, “Ата Мекен” фракциясынан ЖК депутаты: “Тоо-кен тармагындагы коррупцияны 2-3 жетекчи эле кылат”

Бөлүшүү:

– Сайдулла мырза, тоо-кен тармагындагы коррупция апогейине жетип, лицензиялар ого эле көп берилип жатканын президент Жээнбеков айтып, кечээ өкмөт башчы өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисине сөгүш берип, эки орун басарын кызматтан алды. Тармактагы коррупция лицензия берүүдөн эле чыктыбы, же башка да мыйзамсыз иштер болду деп ойлойсузбу?

– Негизи, жыл өткөн сайын дүйнөдө жер алдындагы байлык, табигый ресурстар азайып отурат. Кыргызстан – запасы көп өлкөлөрдүн бири. Бирок, ошол эл байлыгынын элдин кызыкчылыгына иштебей жатканы өкүнүчтүү. Мурунтан эле жең ичинен соодагерчилик кылып, кендерди жеке кызыкчылыкка колдонуп жүргөн жетекчилер болгон. Ошол эле тоо-кен тармагында да. Талап көп болбогондукган, эл аны байкабай жүргөн. Акыркы 5-10 жылдан бери дүйнөдөн көп суроо-талаптар келип жатат. «Кыргызстандагы кен байлыктарды иштетебиз» деп келишимдерди түзүп, ипггөө сунуштары болууда. Сунуштар көбөйгөндөн улам, мыйзам бузуулар дагы көбөйүп кетти, менимче. Мындай «майлуу» жерлерге өз кишилерин коюп, анан лицензияларды сатып, бизнес кылып алышкан да. Майыптар дары-дармегине, пенсионерлер оокат-ашына, көп балалуулар пособиесин балдарын багууга жеткире албай калгандын кесепети – кендердин сатылып жатканы деп билсек болот. Анткени, кендерден казынага байлык түшсө, каражат майыптарга жөлөк пул, пособие, пенсияны көбөйтүүгө булак болуп берет. 6-7 миң сомдук маянага иштегендер бар. Бул сумма бир үй-бүлөнү бакканга караандабайт. Ошондуктан, кен байлыктарыбыздын эл кызыкчылыгына жумшалбай жатканы, анан калса, сатылып, бир ууч адамдардын капчыгын калыңдатып жатканы акыркы чекке жетип, карапайым элди кыжырдантып жатат. Көрсө, «каймактарды» тармакта иштеген 2-3 жетекчи жеп коёт экен.

– Аларды жоопкерчиликке тартуу менен маселени чечсе болобу?

– Бул бир аз татаалырак нерсе. Себеби, лицензияны мыйзамсыз берген адам «мен бердим» деп айтыш керек. Ал адам бир жолу пайдага туйтунгандан кийин кайра кылбай коё албайт. Дагы сатат. Жоопкерчиликке сөзсүз тартуу керек. Катуу жазалаш керек. Муну токтотпосок болбойт.

– Президент коопсуздук кеңешинин жыйынында бир адамга 41 алтын кенине лицензия берилген фактыны айтты. Депутат Азамат Арапбаевдин 12 лицензиясы бар экени тууралуу маалымат чыкты. Негизи төрт жыл ичинде 600гө жакын лицензия берилишинин артында чоң кишилер турса керек…

– Азыр маалыматтар чыгып жатпайбы, Дүйшөнбек Зилалиев иштеген маалда башаламандыктар болгон сыягы. Ага чейинкилер да жөн иштеген эмес. Жаңылбасам, Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турганда жетекчилердин бири аялына лицензия берип коюп, жумуштан куулган жайы бар. Демек, ал жерде илгертен адат болуп, ушундай иштер жүрүп келген. Тазаланыш керек. Мына, тазалап, ачыкка чыгарып, күнөөлүүлөрдүн жазасын бергенге убакыт келди. Эгер туура жаза берилсе, тазаланып калат депойлойм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: