Menu

Адабият академигинин үч мыктылыгы – Абдыганы Эркебаевге 65 жыл

Бөлүшүү:

Атпай журтуна айгине адабиятчы, коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаевдин 65 жаш мааракесине байланыштуу борборубуздагы улуттук китепканада бүгүн өткөрүлө турган илимий конференция жөнүндө алдын ала уккандан кийин рухий жааттагы боордош агабызды куттуктоо иретинде колго калем алып отуруп, улуу «Манас» тарыхый дастанында «Атаңдын гөрү дүнүйө, айтып-айтпай эмине…» деп чулу айтылгандай, «ансыз да юбиляр жөнүндө жазылгандар аз эмес го» дегендей келе калган суроого оропара, камданып алган узун сөздөн кайра айнып, береги төтө жол менен баянымдын ток этерин гана айткым келди. Эмесе сөз удулу Абдыганы акенин жеке мага өзгөчө жагып, ынандырган үлгүлүү үч мыктылыгы жөнүндө болсун.

Биринчи, байыртан кыргыз рухунда салттуу уламаланып келаткан Санчы сынчылык өнөрдү туу туткан, кыргыз жазма адабиятынын жаңычыл прогрессивдүү үч чыгаан сынчысынын (Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев) катарында турган эмгеги.

Экинчи, министр, губернатор, ЖК төрагасы сыяктуу мамлекеттик үлкөн кызматтарды аркалап жүрүп, андагы Акаевдин талоончул – бүлгүн бийлик доорунан таза чыккан саналуу саясый ишмерлердин көч башындагы нарктуулугу.

Үчүнчү, жашынан томолой жетим чоңоюп, турмуштун үзүл-кесил, жетишпеген кыйынчылыгын далай көрсө да Чоң-Алайдагы туулуп өскөн айылына жакшы ниет менен курган там-ташын кечээ жакында айыл өкмөтүнүн карамагына бала бакча үчүн өткөрүп берген берешендиги, көр дүйнөдөн бийик турган паразаттуулугу.

Жана да узун сөздүн кыскасы, мен билген, мен баалаган Эркебаев ушул. Рухий жааттагы жан акебизге тилегибиз, ниетибиз бир: бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана чыгармачылык оомат!

Дүйшөн Керимов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: