Menu

Депутат Тазабек “таза” эле келесообу?

Бөлүшүү:

Тазабек Икрамов депутат болгондон бери эле элге өзүн таза, ыймандуу көрүнүүгө көп аракет жасап келгенин билебиз. Бирок депутаттын андай аракеттери тек гана жасалма окшойт. Мунусун ал бир эле аракети менен далилдеп салгандай болду. Жакында бул депутат журналистти жакалап, инспекторго тап берген айдоочусунун видеосуна өзүнүн дагы кошулуп калганына нааразы болуп, журналистти “келесоо” деп мазактады. Деңгээлине баракелде дейли. Өзү анчалык акылдуу экен ошол көпкөн айдоочусунун кысчу жерин кысып койбойт беле. Коомдогу терс көрүнүштөрдү чагылдырган журналисттер бул эл өкүлү сөрөйгө “келесоо” болот экен да. Эгер Тазабек “таза” эле “келесоолукка” алдырып койбосо, бул жоругу үчүн журналисттерден кечирим сурашы керек. Негизи мындай сырты жалтырак, ичи калтыраак депутаттардын барынан жогу жакшы эмеспи.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: