Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоонун өзү уят экенин парламентте көтөрдү. Эл өкүлү: «Улуттук тил комиссиясы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу “Эне тил жана Айтматов” деген аталыштагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Мен Кыргызстанда англис тилинин, орус тилинин үч айлыгы, алты айлыгы жарыяланса кабатыр болбойт элем. Бирок Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоо деген бул мамлекеттик тилди мазактоо, Манастын тилин мазактоо, кыргыз тилине кыянаттык кылуу. Мамлекеттик тил мамлекет менен жашап өмүр сүрөт, ал үч айга же төрт айга квартирант болуп кирбейт. Эмне деген жарыя? Кыргызстанда кыргыз тили квартирант экен да? Үч ай эле кыргыз тилинде сүйлөп, калган тогуз айда аралаш сүйлөйт экенбиз да”, – деп сынга алды.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ