Бишкекте эки машина кагышып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгы бүгүн, 28-январда, таңкы саат 06:15тер чамасында Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө болгон. “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү машина менен «Мерседес-Вито» үлгүсүндөгү машина кагышып, анын кесепетинен эки жүргүнчү жабыркап, алар ооруканага жеткирилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ