Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевдин бошотулганын колдой тургандыгын билдирди. Ал мындай пикирин бүгүн, 7-октябрда маалымат жыйынында билдирди.
«Ал мурунку президент жана көйгөйлөрдү сот аркылуу чече алат. Бул үчүн эркиндиктен ажыратуунун кереги жок», – деди Жапаров.
Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда экс-депутат Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берди. Маалымат жыйын Фейсбук социалдык тармагында түз эфирде чагылдырылды. Жыйынга келген журналисттер ага бир нече суроолорду узатышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ