Баарына маалым болгондой Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупционерлердин бетин ачканы үчүн иштен айдалып кетти. Бирок, чыркыраган Анара коркуп-үркпөстөн коомчулукка чыгып, коррупциянын катыгын берип жаткандардын анабашында Мамлекеттик экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков турганын ачыкка чыгарды. Бул нойондун буга чейин эле мамлекеттин капчыгын өзүнүкү менен алмаштырып алганы айтылып келген. Жогор жактагылар эми чара көрөөр.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ