Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 2018-жылдын 27-январында кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасына жакын жерде орун алган чатактын жүрүшүндө жарадар болгон Асанбай Үсөнбаевди Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барып көрдү. Өкмөт башчы оорулуу менен маектешүүдө анын ден-соолугунан кабар алып, дарыгерлерден калыбына келтирүү процессине дыкаат көңүл буруусун өтүнүп, Асанбай Үсөнбаевге тезирээк сакайып кетүүсүн каалады . Дарыгерлер Премьер-министрге оорулуунун акыбалы тууралуу маалымат берип, бүгүн анын абалы канааттандыраарлык экендигин, бардык тийиштүү медициналык процедуралар жүргүзүлүп жаткандыгын билдиришти. Премьер-министр Сапар Исаков Асанбай Үсөнбаевге зарыл операция жасоо үчүн материалдык көмөк көрсөттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ