Menu

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге “мыйзамсыз байыгандыгы” үчүн айыбы угузулуп, 2 айга камакка алынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда УКМКнын тергөө башкармалыгы экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айыбын угузуп, анын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып барды. Бул тууралу Зилалиевдин жактоочусу Учкун Каримов журналисттерге билдирди.

Биринчи май райондук соту Зилалиевди 2 айга УКМКнын абагына камакка алуу тууралу чечимин чыгарды. Жактоочунун айтымында УКМК экс-вице-премьер Зилалиевди салык инспекциясына жылда тапшырылуучу декларациясында байлыгынын бир бөлүгүн көрсөтпөй жашырып келген деп айыптоодо.

Айрым маалымат булактары Дүйшөнбек Зилалиевдин камалышы мындан бир-эки ай мурун кылмыш иши козголуп, кызматынан алынган анын орун басары Азис Сапаралиевге байланыштуу болушу мүмкүн дешет. Азис Сапаралиев тоо кендерине лицензия берүү боюнча өзүнүн төрагасы Зилалиевге каршы тергөөгө көрсөтмө берип жатканы айтылууда.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: