Menu

Коомдук маанай жана кооптуу жагдай

Бөлүшүү:

Ошентип, акыры башкаруучу партия макамына ээ болгон СДПКнын ичиндеги дээрлик бир жылдан берки түтөп-быкшып, бүтпөгөн чыры өз апогейине жетти. “Атамбаевсиз СДПКнын” кезектеги жыйынына “адашып” барып алган депутат Ирина Карамушкина жана башкалар оппоненттеринен “шакал” сыяктуу саясий лексиконду байыткан жаңы эпитеттерди угушуп, куулуп чыкканына жалпы республика күбө болду.
Бул бир партиянын ичинде гана болгон чакан, локалдуу конфликт Кыргызстандагы бардык саясий партиялардын чыныгы жүзүн, жалпы саясий маданияттын нукура деңгээлин көрсөтүп турат. Анан, албетте, ошол саясий маанай жалпы эл арасына аба менен кошо таркап, сиңип, жалпы коомдук-саясий жашоодогу өң-түскө өтө баштайт. Соцтармактардагы “обывателдик” тезистерге, көчө саясатындагы “саясий талкууларга” үстүртөн көз чаптыруу эле жетиштүү. “Оштуктан дал ушуну күтсө болмок!” “Экс-президентти досу
сатып кетти!” ж. б.д.у.с. көптөгөн “пикирлерди” жалпы коомчулуктагы басымдуулук кылган маанай катары берүү далалаты көптөн бери “ырааттуу түрдө” ишке ашырылып келе жатат…

“Элдик саясат” деп аталганы менен да, расмий түрдө олуттуу кабыл алынбаган жана да бульвардык массалык-маалымат каражаттарынан да төмөн деңгээлге түшкөн андай “коомдук пикирлерге” көңүл буруунун деле кажети жок. Бизди тынчсыздандырган маселе такыр башкада. Ошол сыяктуу “жалпы массага” жайылтылган маанайларда элди, болгондо да, көп улуттуу жана да табиятынан интернационалдуу болгон байыркы кыргыз элин ичтен бөлүп-жарууга болгон тымызын аракеттер тымызын жасалып жаткандыгын
байкоого болот. Болгондо да, дал ошол арам ойлуу, адам кебетесиндеги маңкурттардын тилегени ишке аша турган болсо, — ​бир элди дароо эле экиге — ​“түндүк жана түштүк” кылып бөлүп салууну самап жатышкандай туюлат!..

Регионалдык бул “күчтүү картаны” чоң саясатта (тагыраак айтканда, өлкөнүн эң башкы бийлиги үчүн болгон күрөштө) колдонуу ыкмасы Абсамат Масалиевди, Аскар Акаевди, Курманбек Бакиевди бийликтен кулатууда чечүүчү куралдардын бири болгондугу талашсыз. Демек, азыр деле “эски картаны” оңтою келе калса, кайрадан пайдаланып калуудан баш тартпай турган чоң саясат оюнчулары четтен чыгышы мүмкүн…

Баарынан өкүнүчтүүсү, айрым дөдөйлөрдүн “түндүктүктөр оштуктарды “сарт” дешет, ал эми оштуктар түндүктүктөрдү “калмактар” дешет” дегенин “коомдук пикир” катары берүүгө умтулган бечаралар да учурайт. А чынында, “кырк уруу кыргыз эли” өткөн доорлордо географиялык жактан Ала-Тоосунан баштап, Енисей, Монголия, Кара-Деңиз кыйырына чейин созулуп жаткан аймактарды мекендеп келишкендиктен, эзелтен улутун сактап келген урууларга бөлүнсө да, бүгүн тигил тоодо, эртең тигил өрөөндө көчүп-конуп жүрсө да, эч качан “жер-жерлерге” бөлүнгөн эмес! Башкача айтканда, “сырттан сөөгүн кордобойт”, “кыргыз сөөк таштабайт” деген накыл кептер бардык урууларды тең өз ара (бир колдун манжаларындай!) сөөк-тууган туткан байыркы элде гана жаралмак…

Конкреттүү фактыларга таянсак, ошол “калмакчылык” темасына деле 2010-жылкы “апрель революциясынан” соң жаңы импульс берген адам түштүктүк кимдир бирөө эмес, жалпы коомчулукка таанымал саясатчы-журналист (кыргыздын байыркы саяк уруусунун кулуну, же, өзү айтмакчы, — ​Саякашвили!) Нурлан Мотуев болгон. Ал эми Нурлан Мотуев — ​азыркы кезде саясий көз караштары боюнча учурдагы бийлик менен тил табыша албай, айрым бир мыйзамдык конфликттерге барганына карабастан, “кыргызыма жараймын, кыйын кезде керекке!” (Кыялбек Кыргыз) деп жүргөн жигиттерибиздин бири
экендиги шексиз.

…Кечээ жакында эле, кыйладан бери уламдан-улам артка жылдырылып келсе да, кайра-кайра сурнай-кернейлер тартылып, алдын ала кандайдыр бир өтө чоң окуя, чектен ашкан коомдук-саясий мааниси бар чоң саясий иш-чара катары айтылып келген Курултай өткөрүлдү. “Жалпы элдик Курултай” деген наамга татыктуу болууга умтулган, көптөн күтүлгөн бул форум кайсыл бир катардагы саясий партиянын кезектеги жыйыны сымал гана, дээрлик байкалбастан өтүп кеткени эч кимди таң калтырбашы керек.

Арийне, жыйынтыктоочу резолюциясында “президент Сооронбай Жээнбековдун жылдык ишмердигине “канааттандырарлык” деген баа берүү, Жогорку Кеңештин ишмердигин “канааттандырарлык эмес" деп баалоо сыяктуу “дымактуу” пункттар жазылганына карабастан, Курултай жалпы өлкөнүн көп түрдүү саясий спектрин толук чагылдыра алган жок. Коомдук-саясий пикирлердеги плюрализм, позициялардын көп
түрдүүлүгү сыяктуу параметрлер жөнүндө сөз кылуунун да кереги жок. Белгилүү бир топтогу, учурдагы утурумдук кызыкчылыктары шайкеш келип калган саясий күчтөрдүн жана чоң саясаттан четке сүрүлүп калган саясатчылардын жыйыны сымал гана таасир калтырды. Ал эми президенттик аппараттын жетекчисинин орунбасары Алмаз Кененбаев жана да оппозициялык маанайды чагылтууга аракет кылган коомдук активист Равшан Жээнбековдун катышуусу Курултайга өзгөчө салмак деле кошо албады.

Анткени, тек гана консультациялык мүнөздө болгон, эч кандай расмий күчү жок сунуштар коомдук көп түстүү пикирлердин бири катары кабылданат. Ошондуктан, Курултайдын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишин “канааттандырарлык эмес” деп таап, аны кол тийбестик макамынан ажыратуу, компетенттүү органдарга саясий мотив менен камалгандардын ишин кайра кароону тапшыруу, жаңы Конституцияны кабыл алуу ж. б. сунуштары эч кандай жаңылык деле болбоду. Тескерисинче, негизги маңызы боюнча атай турган болсок, Курултайга катышкан жана анын президиумунда олтурушкан айрым “одиозная физиономияларды” көрүп олтуруп, саясий маргиналдарга айлана башташкандардын активдүү саясатка аралашууга болгон аракети сыяктуу элес калды… Дегинкисин, саясий партиялар жана коомдук уюмдардын ишмердигинде да чакчелекей (бардак) болгон, элементардык этикалык нормалар да сакталбаган, көчө саясаты деңгээлинен төмөн түшүп, чет жактагы чакан-толчок базарлардагыдай “разборкалар” такай орун алып келе жатат. Мунун айкын далили катары СДПКнын ичиндеги эле соңку окуяларды айтсак жетиштүү.

Башкасын айтпаганда да, эң башкы лидер партиянын — ​парламенттеги башкаруучу фракцияны түзгөн партиянын! — ​ичиндеги араздашуулар менен өз-ара мамилелерди аныктоо аракеттерине байкоо салсак, эки тарап болуп бөлүнүп алышкан топтордун бири-бирине жугунду куюп жатышканы эбак эле саясий триллер-детектив жанрынын чегинен өтүп, жеңил баа шоу-комедияга чейин жеткен. Дал ошонун айынан, кээде жалпы коомчулукту да кооптондурган, парадоксалдуу, ал тургай абсурддуу жагдайлар да орун алууда. Маселен, кечээ жакында эле “Теңирчилик” деп аталган коомдук кыймыл расмий каттоого алынбаса, лидерлери көчөгө чыгып өзүн өзү өрттөөгө да даярбыз деген сыяктуу билдирүүлөр менен чыгышты…

Мындай абсурд билдирүү кандайдыр бир тар чөйрөдөгү түзүлгөн коомдук уюмдун өкүлдөрү мамлекеттик-административдик мекемени (же, тагыраак айтканда, аларды расмий каттоого алуучу юстиция министрлигин гана эмес, жалпы эле мамлекеттик органдарга карата) саясий шантаж жасоо аракети катары бааланышы керек.

Учурда дагы бир өтө актуалдуу темага айланып бара жаткан, алыскы келечекте кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон коомдук-саясий жагдай да кооптондурбай койбойт. Улуу Кытайдагы кыргыздардын укугун коргоону чакан коңшу мамлекетке келип суранышкан улутташтарыбыз көбөйүүдө. КНРдагы “окуу борборлору” деп аталган түзөтүү колонияларында азыркы кезде 50 миң кыргыз жабылганы кабарланууда.
Бул туура маалымат болгон күндө деле, ал кыргыздар Кытай өлкөсүнүн жарандары жана алардын кыймыл-аракеттери жана жашоолору дал ушул өлкөнүн мыйзам чен-өлчөмдөрү менен аныкталат.

Бул маалымат чындыкка жакындабаган жана тактоого муктаж цифра экендиги дароо эле көзгө урунат. Себеби, Синцзянь-Уйгур автоном районундагы Кызыл-Суу автоном областындагы кыргыздардын жалпы саны бар болгону 160 миңди түзөт. Демек, жогорудагы “50 миң кыргыз” деген цифрага ишене турган болсок, кытайлык кыргыздардын дээрлик 30%ы, же ар бир үй-бүлөдөн бери эле болгондо экиден-үчтөн адам
камакка алынган дегенди билдирет. Мындай катаал мамлекеттик-диний инквизиция Мао-Цзедундун тушундагы “маданий революция” учурунда да, сталинчил-репрессиячыл 37-жылдарда да болбогондугу белгилүү. Кыскасы, маалымат берүүчүлөр атайылап көбүртүп-жабыртышып, жалпы Синцзяндагы түрк тилдүү (анын ичинде, албетте, басымдуу бөлүгү — ​уйгур) улутундагыларга таандык болгон цифраны “жалаң гана кыргыздар” деп көрсөтүп жатышкансыйт.

Массалык-маалымат каражаттарына жаңы шайланган акыйкатчы Токтокүчүк Мамытов расмий билдирүү жасады. Шайланганына үч айга жакындап калса да, акыйкатчы (же, ошондо эле таамай белгилешкендей — ​Акүйкатчы!) бар же жок экени билинбей, же жасаган иши көрүнбөй келе жаткан. Эми Токтокүчүк Мамытов коомчулукка өзүн көрсөтүп коеюн дегенби, кытайлык жарандардан ага расмий арыздар келип
түшкөнүн, эми алардын эл аралык нормаларга ылайык жана эки мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдер боюнча караларын жарыялады.

Ким билет, балким, Токтокүчүк Мамытов муну өтө чечкиндүүлүк жана ашкере активдүүлүк деп эсептегендир… Тим эле, Кыргызстандын ички өлкө аймагындагы укук бузуудагы маселелердин баарын эбак эле чечип бүтүп, андан башка иши жок калгансып!.. Леонид Маевскийдин Москвада пара талап кылуу учурунда кармалганы боюнча, жаңы кырдаалдар пайда болду, эми Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо керек деп чыгышкан алардын адвокаттары Конституциялык палатага чейин
жетишип, алардан “отказ” алганга да үлгүрүштү. Ал эми Токтокүчүк Мамытовдун бул тууралуу оозун ачканы дале угула элек. Башкача айтканда, Токтокүчүк Мамытов өлкөдөгү актуалдуу жана дароо реакция жасай турган маселеге караганда, алыстагы абстракттуу жана өзүнүн колунан эч нерсе келбей турган маселеге, муну алдын ала билип турса да, “иштемиш этип” түр көрсөтүп, киришүүдө… Жаңы акыйкатчы азыртан эле тиешелүү деңгээлде: “Токто!” — ​деп, тизгини кагылбаса, алыскы абстракттуу, “глобалдуу” маселелерге жөнү жок тырмышып жатканы жакшы жышаан эмес. Андан көрөкчө, Токтокүчүк Мамытов майда жана татаал болсо да, конкреттүү ички иштер менен алектенсе кыйла жемиштүү болмок.

Кытайда мечиттер баары түгөл жабылып, жарандардын диний ишенимдерине чек коюлганы кабарланууда. Негизинен, тээ советтик ашкан атеистчил доордо деле ири мечиттер жарымлегалдуу (ал эми айылдардагы мечиттер — ​ачык жана активдүү) түрдө иштешип, жарандардын баары тең өздөрүнүн ички-руханий-диний муктаждыктарына жараша, бул маселени өз алдыларынча жана каалаганча чечип келишкен. Жакынкы эле
убактарда өткөн тарыхый-тажрыйбалык жагдайды эске ала турган болсок, кайра эле баягы сакраменталдык суроо пайда болот: кандайдыр бир деңгээлде ар бир адамдын өзүнүн гана жеке аялуу, интимдүү ишеними болгон динге болгон мамилеси да элге ачык демонстрациялап чыгууга, же андан да ашып түшүп, узун сакал коюп, өзгөчөлөнүп кийинип алып, мечиттерде топтошкон эл арасында түртүшүп жүрүүгө ушунчалык эле
катуу муктажбы?!

Кытайдагы укук бузуулар өзгөчө АКШчыл массалык-маалымат каражаттарында (“Азаттык”, “Би-би-си”, жана да айрым проАКШчыл интернет-сайттарда) байма-бай чагылдырылууда. Мындан сырткары, бул “чуулгандуу темадан” бизде соңку учурда аракеттери бир топ чектелип калган, бирок, кайрадан активдешүүгө абдан чоң далалат жасоого стимул алышкан өкмөттүк эмес уюмдардын кулактары жана куйруктары ачык көрүнүп турат.

Жаңы кылымдагы глобалдашууда жана супердержавалардын геополитикалык дүйнөлүк оюндарында АКШ менен Кытайдын тиреши жакынкы араларда алдыңкы планга чыгары күтүлүүдө. Эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын өлүптүр деген эски накылды эске салбай, Кыргызстан эл аралык саясатта өз кызыкчылыктарын гана коргоо менен алек болгону абзел.

Автор: Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: