Орусияда таштандыда “ташталган” Тагдырдын туугандары изделүүдө. Мындай маалыматты Орусиядагы кыргыз эмгек мигранты социалдык тармактарга таратты. Ал Москвадагы Тагдыр аттуу жигит боюнча учкай кабар жазып, аны сүрөткө, видеого тартып жарыялап, туугандарын издеп жатканын билдирди.
Анын айтымында, таштандынын арасында жаткан жарандын аты Тагдыр, 44 жашта, ал Ысык-Көл облусунун Ананьево айылынан болот. Анын Москвага кайсы бир шаардан ооп келгенине 5-6 күн эле болгон. “Бул бала каза болуп калат”,- деп тычсызданган кыргыз жараны Тагдырдын туугандарын байланышка чыгууну суранган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ