Menu

Шадиевге карата шалаакылыкка чекит коюлабы?

Бөлүшүү:

Бизде жегичтер жоопкерчилик дегенди түшүндө да көрүшпөйт. Бирок, биз мыйзамдары бар толук кандуу мамлекетпиз. Анын алкагында ааламда эркин жана өз алдынча өлкө катары өмүр кечирип келебиз. Андыктан жоопкерчиликти ошол эркин өлкөнүн мыйзамы менен коргоп алуубуз кажет. Негедир, андай жолго бара албай жатабыз. Айталы, кылмыш иши козголоору менен оорулуу адамга айланып, жыйынтыгында куйругун түйүп, суу кече качып Америкага кирип кеткен Аскарбек Шадиев мыйзамды уруп ойнобогон неме экен. Качканына 3 ай болду, өз каалоосу менен мандатын өткөрүп бере элек, анын келип-келбегенин тескөөчү жан жок окшойт. Мамлекеттик тиешелүү органдар Шадиевге окшогондорду кармап, жоопкерчиликке тарта албаган соң эмнеге элдин жонунан чогултулган жана келечек муундун моюнуна карыз болуп илинип аткан акчадан айлык алып олтурушат? Жегичтерди кустура албаган соң анда бизге мыйзамдардын эмне кереги бар? Мыйзам чыгарган 120 депутатты чалчактатып багуунун кажети канчалык эгер мыйзамдарды иштете албасак? Же Шадиевге окшогондор мандатын тапшырбай жатышында «кайра жол таап келип каламбы» деген ой барбы? Албетте, Шадиевди бул жакта калып кеткен миллиондогон байлык менен ондогон ишканалар тынч уктатпайт да. Ал эми анын артынан сая кууп, кармап, камап коюуну аягына чыгарбай жаткандарды эмне деген себеп тынч уктатпай жатты экен?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: