Экс-депутат, меценант, «Улут жүзү» фондунун төрагасы Рустам Мамановду УКМК камакка алгандан бери дайынсыз болуп кетти. Каарманыбыз тили буруулар менен чырлашканы каңкууланган. Эмне болгонун так кесе эч ким билбейт. Элине ак кызмат кылып, өнөр адамдарын, жардамга муктаждарды колдоп жүргөн Рустам мырза кай жеринен жазды экен? Бүгүн болсо, бүтүндөй республикабыз боюнча окуучулардын бирдиктүү мектеп формасын киргизгенин эстейбиз. Дал ушул инсандын демилгеси болчу. Ал атайылап кылмышка бара турган жан эмес эле. Чагымбы, же жаза тайганбы, айтор, камалып кеткен боюнча тирүү же жансыз экени белгисиз. Учурда кабатырланган күйөрмандары арбын. Эмне үчүн элдин уулу мындай тагдырга туш болду? Бийлик деле гумандуулук кылып, адилеттүү алкакта ишин караса болбойт беле? Ичинде кылдай да кири жок, боорукер Мамановду түрмөдөгүлөр кордоп, ак эмгек менен тапкан оокатын соруп атпады бекен? Аргасыздан баш чайкайсың. «Аргымак мыктысы кермеде, адам жакшысы түрмөдө» деген кеп да тегин жерден айтылбаса керек.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ