Menu

Каденованын чырынан улам Исакунова дагы жумуштан алынабы?

Бөлүшүү:

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Сеулдагы аэропортто корвалол менен кока-кола аралаштырып ичип алып, самолётто кусуп, аны “мас абалда экен” деп рейстен түшүрүлгөнү чоң ызы-чуу жаратты. Көпчүлүк “мас болуп алып, мекенди уят кылды” дешсе, бир канчоосу Каденовага болушуп, “бул аял кишиге кыйын болуп, тепкиге алдык, канчалаган эркек депутат, министрлер мындан жүз эсе ыплас иштерге барып атышат” деп коргоого алышты. Бирок кандай болгон күндө дагы, мурунку социалдык өнүгүү министри болуп иштеп кеткен Эдил Байсаловдун айткан сөзүндө ачуу чындык бар экенин тана албайбыз. Байсалов азыркы “министрликтин иши – бардак, жетекчиге үч жумага чет өлкөдө жүргөнгө уруксат ким берди? Таалайкүл Исакунованын иши канааттандырарлык эмес” деп айтып чыкты. Ал ортодо депутат Аида Касымалиева дагы бул министрликти жетектеген аялдардын дарегине катуу сын айтып чыкты эле, ага министрдин орун басары Лунара Мамытова: “Аида башынан эле мага өч. Бир мектепте, бир класста окуганбыз, экөөбүз тең отличница, мектеп президенттери болгонбуз. Анан ал “Азаттыкта”, мен КТРКда иштеп атагыбыз чыгып, эми бийликтебиз” деп жарылды. Кээ бир интернет колдонуучулар, Аида айым чын эле Лунара айымга каршыбы?-деп жаткан учур.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: