Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Нарын шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жоробекова Айнагүл Мамаюсуповна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ