Menu

Мен таза сүйлөсөм, сен таза сүйлөсөң, депутаттар менен атка минерлер таза сүйлөшсө, келечекте балдарыбыз да таза сүйлөшөт

Бөлүшүү:

“Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт”- демекчи, “Гүлшат Асылбаева сыяктуу өз тилин жеригендер, өзөктү кантип дарылайт?”-деген автордун козгогон темасы, бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Бирок,” медалдын экинчи жагы бар”-дегендей, ошол экинчи жагынан алып караганда, Гүлшат Асылбаеваны күнөөлөөгө эч кандай негиз жок. Себеби, биз өзүбүз күбө болуп жүргөндөй, ошол эле Жогорку Кеңештеги  кыргызча сүйлөгөн  депутаттар (элдик же, партиялык) эки сөзүнүн бирин орусча чалып, тилибиздин ит акмагын чыгарып жатышпайбы? Аларга караганда Гүлшат айым тилибизге аяр мамиле жасап, “итче” талап,жулуп, үзбөй, өз жайына коюп койгондой сезилет. Менимче, чала “киргиз” болгондон көрө башка тилде так –таамай сүйлөгөн туура. Кээ бир “киргиз”чилеп башын кыргызча баштап, сөз таппай калганда орусча аралаштырып, аягын кыргызча-орусча улантканга караганда. Туура.Муундар алмашып жатат.Эми ошол муундарга кыргыз тилин таза, так сүйлөтүүгө ким кам көрүү керек?  Жооп бирөө эле. Ал мамлекет. Учурда, Кыргыз Республикасынын Президенттине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлгөн. Уксаң кулагыңа абройлуу угулган  аты бар. Кызматчылары бар. Алган маяналары да бар. Бирок, алгылыктуу кылган иштери жок! Мына ошолорго доомат артышыбыз керек! Президенттике, Премьерликке,Спикерликке, Мэрликке жана башка жооптуу кызматтарга талапкерлерге сынак өткөргөндөрү болбосо, башка жасаган иштери көрүнбөйт. Булар улуттук тилди өнүктүрүүчү уюм болбой эле, жазалоочу уюмдун милдетин  аткарып жаткандай туюлат. Билсең өтөсүң, билбесең өтпөйсүң! Эмнени билиш керек? Каяктан билиш керек? Алардын иши жок! Болгону “Кыргыз” тилин билет, же билбейт-деп  коюшат. Айланайындар “Кыргыз” болгондон кийин кыргыз тилин кантип билишпесин?  Кеп, билгенинде эмес да?, Кеп, таза, так сүйлөп, катасыз жазганында.Оюн орусча- кыргызча аралаштырып “ботко” кылбай,кыргызча түшүндүргөнүндө болуп жатпайбы? Кыргыз тилине өгөй мамиле жасалганынан улам, ар ким өздөрү каалагандай жазып жатышат? Гезит-журналдарда кыргыз тилине жат сөздөр колдонуп жүрөт.Көчөдөгү, дүкөндөрдөгү, кино-театрдагы кыргызча жарнактарды окусаң төбө чачың тик турат .Ал эми жогорку окуу жайынын, жогорку курсунун студенттеринин СМС билдирүү жазгандарын окусаң, өзүнчө эле бир ачылыш!. Алардын сөздөрүн түшүнүү үчүн Ыраматылык Юдахинди жаткан жеринен тургузуп келүүгө туура келет. Союздун убагында 8-класстын окуучуларынын билим деңгээли азыркылардан 100 эсе жогору болчу.Себеби, жат-жазуу боюнча сынак тапшырышчу.  Азыркы окуу жайларда кыргыз тилин окумак тургай, сабакка катышкан-катышпагандарын бир кудай, бир студент, бир окутуучусу билишет.Менин оюмча ушунун баарын Кыргыз Республикасынын Президенттине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы көзөмөлгө алып, жөнгө салып турушу зарыл. Ошондо гана тилибиз тазарып, чолуп сүйлөбөй, так сүйлөгөнгө көнө баштайбыз. Биздин кыргыз тилине болгон дагы бир кастыгыбыз бул. Чогулган жети кишинин бирөөсү эле башка улуттан болсо, билсек да, билбесек да, тилибизди чайнап орусча сүйлөйбүз. Анан биздин тилди ким сыйламак эле, минтип өзүбүз чанып жатсак? Ыраматылык И.Раззаков  “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот”-дегендей. Мен таза сүйлөсөм, сен таза сүйлөсөң, депутаттар менен атка минерлер таза сүйлөшсө, келечекте балдарыбыз да таза сүйлөшөт – деп үмүттөнөм

  Райымбек Усупжанов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: