Menu

Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалимге кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Мугалими тарабынан сабалган 11 жаштагы окуучу комада жатат.

Хорезм облусунун Багат райондук ички иштер башкармалыгы Спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрү боюнча мектеп-интернаттын 5-классынын окуучусун сабаган мугалимге кылмыш ишин козгоду.

​Маалыматка караганда, кылмыш иши «Атайын денеге оор залал келтирүү» беренеси менен 28-сентябрда козголду. Ошол эле маалда облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы мектеп-интернатты өзүнчө текшерүү иштерин баштады.

Баланын ата-энеси аны интернаттагы дзюдо классына быйыл сентябрда алып келген. Алардын айтымдарында, дзюдо боюнча сабак берген мугалим башынан эле жаңы окуучуну жактырбай, башка класска которулуп кетүүгө аргасыз кылуу аракетин көрө баштаган.

«Атасы уулунун дзюдо классында гана окуусун каалаган, ошондуктан бала мугалимдин айткандарына көнгөн эмес. Мугалим болсо баланы башка класска которулуп кетүүгө аргасыз кылуу максатында күн сайын сабай баштаган. 20-сентябрда аны эс-учун жоготконго чейин сабаган», — деди баланын туугандарынын бири.

Райондук ооруканадан билдиришкендей, 11 жаштагы бала дале эсине келе албай жатат. 21-сентябрда алар окуучу 4-даражадагы комада экенин жана анын аз гана күндөрү калганын айтышкан.

Баланын туугандары жергиликтүү чиновниктер бул окуяны жашырып, өз алдынча бүтүрүп коюуга аракет кылышканын билдиришти. Окуучуну сабаган мугалимге каршы кылмыш иши окуя болгондон сегиз күн өткөндөн кийин гана козголгон. Учурда ал эркиндикте жүрөт.

Мектеп-интернаттагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө анда окуучуларды сабоо кадимки көрүнүшкө айланганы аныкталган. Бул тууралуу райондук прокурорго окуучулардын өзүлөрү айтып беришкен.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: