Адам деген аркандай болоткен: бири пермер, бири депутат, бири койдон жоош, бири шуулдак, бири арык-торук, бири толук дегендей. Бобуреки сүрөттөгү каарман өзү жалгыз депутат дагы, шуулдак дагы, толук дагы деген баага татыктуу инсан экени байкалып туру. Каармандын аты-жөнү Султануп Абдыкапар, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан ЖоКеге депутат. Интервью берип аткан кезеңи го, колду жайып бапылдап атат. Шуулдап атат. Дуулдап атат. Эмне теманы бажарып атканы азырынча табышмак. Мурда-кийин бул каарман жөнүндө маалыматыбыз жок болгондуктан, эмине кошумча берерибизди да билбей турубуз. Илибой неме ичип-жейт дечи, бу деле ошенткендир. Бир кезде Салижан агай: «Билет, билет, бирок айтпай атпайбы!..» дегендей, Абдыке да илливой маселени уча сугунгандай мүлжүйт деп ишенип турабыз. Би-иртике кошумчабыз бареле, таштай кетели, Абдыкени бир көргөн киши ойлойт болуш керек: «Болду болбоду, бул жигит жапондордун сумо күрөшү менен машыгат го…» депчи. Ошол анда азырынча, башка сөз жок.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ