“Биз инфляцияга жакшы көңүл бурбай калдык. Салыштырмалуу 2019-жылы инфляция кескин түрдө 3,1%га жогорулады”, – деди Аалы Карашев (КСДП) 23-январда парламент жыйынында.
Анын айтымында, эгерде азык-түлүк менен спиртсиз суусундуктарды карасак, инфляция 5,7%га жогорулаган, ал эми орточо айлык акы 5,3%га көтөрүлгөн.
“Айлык акынын көтөрүлгөнү азык-түлүккө болгон инфляцияны 0,4%га жаппай жатат. Эмне десек болот? Кайрадан жашоо деңгээл төнөдөй түштүбү? 2018-жылы инфляция 1,5% болуп, айлык акы 5,9% болгон. Ушуга жакшылап көңүл буралы”, -деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ