Menu

Карамат Орозова, депутат: Абдилатов жөө жүрүшкө чыгып, өз үнүн угузгусу келди

Бөлүшүү:

– Карамат Бабашевна, уулунун иши калыс иликтенишин талап кылып, Бишкекти көздөй жөө жүрүшкө чыккан Баткендин Бужум айылынын тургуну, 63 жаштагы Саитраим Абдилатов тууралуу эмне айта аласыз?

– Абдилатовдун жөө жолго чыкканы – анын үнү угулбаганынан улам болду. Эң оболу менин кабылдамама келгенде ал башкы прокуратурага, ИИМге, президентке, өкмөткө киргенге мүмкүнчүлүк таппады. Ата да, тирүү туруп баласын коргой албай жатат. Ошон үчүн жөө жүрүшкө чыгып, элдин көңүлүн бурдургусу, өз үнүн угузгусу келди окшойт. Эми тергөө кандай жыйынтык чыгарат, аны биз алдын ала айта албайбыз. Бирок, кээде куру жалаа менен айыпталып калган учурлар да көп эле бизде. Атасынын айтымына караганда, жол кырсыгы Караванда болгон, анын уулу болсо Кызыл-Кыяга келип, Караванга өткөн эмес. Атасы бир нече жолу такып сураса да «өткөн эмесмин» деп айтыптыр.

«Биринчи жолу видеону мага көрсөткөн эмес. Кийин көрсөткөндө карасам, менин баламдыкы «тойота камри», ал жерде «жигулиге» окшогон ак машина турат. Авдокат менен барганыбызда машинадан эч кандай далилзат чыккан эмес. Экинчи жолу барганда кан пайда болуп кальштыр. Адвокатым да «мурда бул кан жок эле го?» деп айтты. Кылмышкерди бир-эки күндө эле тапса болот эле. Булар бир жума өткөрүп, менин уулума оодарып коюшту» дейт. Ички иштер бөлүмүндөгүлөр анын кылмышы тастыкталган, далилденген факт катары маалымат беришти. Эми анын канчалык чындык экенин тергөө аныктайт.

– Атасы жөө жүрүшкө чыккандан кийин кандайдыр бир өзгөрүү болдубу?

– Өзгөрүү- бул кишинин үнү угулду. Эгер үнү угулбаганда ал киши жолдон кайра артка кайпайт бсшчу. Тууган-уругу алып кетиптир. Бул ишти мен да көзөмөлдөп турам.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: