Элибизде «уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат» деген жакшы макал бар. Мааниси бетпактык, абийирсиздик дегенди билдирет. Мына Маалыматгык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бактыбек Шаршембиев, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду сотко берээрин айтып бет тырмаарлык кылды. Ал өз сөзүндө депутат аны ак жеринен кылмыш иши козголгон шектүү катары кунөөлөп, кадырына көлөкө түшүрүп жаткан имиш. Ал бул боюнча: «Депутат Рыскелди Момбеков айыптаганды токтотпосо сотко кайрылам» – дегенди айтты. Кызык, ак карга болсо «сотко берем» деп шоу кылбай эле бере бербейби? Шакмары бар үчүн калп эле сес көрсөткөн болуп, коомчулукка кожо көрсүнгө оюн кылбай. Ар деген жок тура такыр…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ