Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерди текшерүү боюнча жумушчу тобу “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерин мыйзам бузуу болгондуктан кайтарып берүүнү сунуштады. Мындай чечимди жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бүгүн, 25-августта комиссиянын отурумунда билдирди.
“Чечим документтерди ыйгарым укуктуу тарап алып келбегендигине байланыштуу кабыл алынды”, – деп түшүндүрдү ал.
Партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айтымында, ал өзүн начар сезип, температурасы көтөрүлгөнүн айтты.
“Мыйзам чегинде ыйгарым укуктуу өкүлдүн келиши керек экендигин билем, бирок мыйзамда менин колтамгам керек деп жазылган эмес”, – деди партиянын өкүлү Элвира Абилдиева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ