БШКга бүгүн, 10-ноябрда КРнын президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү менен Рашид Тагаев арыз менен кайрылды. Рашид Тагаев 1958-жылы 21-августта туулган. Ал “Ошгаз” филиалынын директору. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, 2020-жылдын 10-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкер катары 10 жарандан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев, А. Сыдыков, С. Турдумалиев, Н. Мотуев) арыз түшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ