Menu

Видео – Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери ишкерден 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) “Ж.С.” деген ишкерден Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын кызматкери өзүнүн кызматтык абылынан кыянаттык менен пайдаланып, айыптык санкцияларды салам деп коркутуп, маселени ишкердин пайдасына чечип берем жана мындан ары коргоп турам деп, ишкерден 200 миң сом өлчөмүндө “пара” талап кылган фактысы боюнча арызы түшкөн.

ЭККМК чогулткан материалдар боюнча башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

2018-жылдын 3-октябрында ЭККМКнын кызматкерлери козгогон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Жалал-Абад шаарында 80 000 сом суммада “паранын” биринчи бөлүгүн алып жаткан жеринен МСКнын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн улук инспектору “О.А.” кармалды.

2018-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын 1-тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндө чараны тандады.

Азыркы убакта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жана опузалап талап кылууларынан коргоо боюнча бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: