Menu

Абжапаров салык тармагын коррупциялаштырып жибердиби?

Бөлүшүү:

Учурда Салык тармагын өкмөт башчысы Абулгазиевдин кол баласы катары таанылган, соцфонддун мурдагы жетекчиси Теңизбек Абжапаров тейлеп жатат. Бул жигит Соцфондду башкарып турганда эле «эт эмес же чел эмес ортозаар жетекчи катары жалпыга маалым болгон. Анан Абулгазиев аны «эшегине жараша тушагы» дегендей, өлкөнүн казынасын толтурчу эң орчундуу тармакка алып келди. Кандай максатты көздөсө да, чекилик кадам болгону ошо кезде эле айтылган. Мына учурда Абжапаров салык тармагынын ашмалтайын чыгарып, ар кимди кызматтан алып, тааныштарын кызматка коюу менен гана алек болуп калды. Албетте, кызматка жөн эле адам дайындалбай турганын эске алганда, Абжапаровдун алакан ысыткан ыраазычылыктардан башы тегеренип жатса керек. Анан салык кызматкери пара алганга аргасыз болот. Мына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери 80 миң сом пара алып жаткан маалда колго түштү. Сыягы, Теңизбек мырза келгенине жыл айлана электе, Салык тармагын коррупциялаштырып жиберген окшойт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: