Menu

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага Кайрылуу

Бөлүшүү:

Билим берүү министри Г.К. Кудайбердиевага,

Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго,

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Ж. Мейрмановага

Кайрылуу

Урматтуу билим берүү министри, Бишкек шаарынын мэри жана мэриянын астындагы билим берүү башкармалыгынын башчысы!

Биз шаардагы №23 И.В.Гёте атындагы билим берүү жана тарбиялоо комплексинин окуучуларынын ата-энелери сиздерге кайрылабыз. Биздин сиздерге кайрылганыбыздын себеби, мектептеги мугалимдердин окуучуларга кылган мамилеси. Мектепке төлөнүүчү акчаны кечиктиргендигине эрегишип, мугалимдер балдарга төмөн бааларды, тактап айтканда “2” деген бааны коюп балдардын шагын сындырышууда. Балдарга кылган мындай мамилеси алардын психологиясына доо кетирээри шексиз. Балдар биздин келечек эмеспи. Мугалимдердин бул кылыгы келечекке балта чабуу эмей эмне? Мындай жол менен кете берсек, келечек туңгуюкка кептелет. Балдарыбыз мектепке баруудан баш тарта баштады. Окуйм деген ындыны өчүп, көңүлдөрү суз.

Урматтуу билим берүү тармагынын жетекчилери! Акчаны төлөбөйм деп же башка нерсе болсо бир жөн. Кечиктиргени үчүн эле ушундай мамиле кылса, анда башкасына кандай мамиле кылат? Мектептин жетекчилигин тескеген жан барбы? Ай сайын ар бир балабызга 900 сомдон төлөгөн акчабыз кимдин капчыгын кампайтып жатат? Деги эле бул акчаларды алуу мыйзамдуубу? Жалпысынан мектепте 1500ден ашуун окуучу окуйт. Эсептеп көрүңүздөр, ар бир окуучудан жылына 8-9 мивден алганда эле, 13 миллиондун тегерегиндеги каражат. Ал акчалар кумга сиңгендей эле жок. Мектеп директору да 15 жылдан бери алмашпай, түшпөс хан болуп алган. Же бул мектепти анын наамына менчикке бердиңер беле? Мэриянын алдындагы мамлекеттик мектеп болгону менен окуу куралдарын сатып алуу, окууга төлөө жеке мектептерден айырмасы жок. Бардык окуу куралдарын сатып алабыз. Андан тышкары ар бир майрамга деп, жыл башында эле суммасы жазылган узун тизмени карматат. Биз деги кайсы заманда жашап жатабыз? Кылт эткендин баары акча.

Биздин кайрылуубузду карап чыгып, бир чечим чыгарат деп ишенебиз. Жыйынтык болбосо, анда президентке кайрылууга аргасыз болобуз.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: