Menu

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: “Бажыканада жалгыз эле Раим Матраимов иштептирби? Же Бажыдан башка жакта коррупция жокпу?”

Бөлүшүү:

“Пушкинге жармашып Дантес тарыхта калды” – деп күлүп калчу элек, ошол сымал Раим Матраимовду эрмектей калып далай кишилер саясий упай топтоп алчудай болуп калды… Аларга оңой, тобокелчилиги жок, машакаты жок жол ачылды, өздөрүн баатыр кылып көрсөтүүгө… Учурда “Раим темасы” өтө эле “майлуу-сүттүү” темага айланды да калды…

Матраимовдун маселесин бийлик чыгынып ары же бери кылып чечкичекти эптеп буту менен басып, мурду менен тынып жүргөндөрдүн көбү “баатыр” болуп эки таноосун дердейтип, көкүрөктү керип басып калат го дейм… төшүнө Раимга окшогон бирөөнүн сүрөтүн тарткан майке кийгенине корстон болуп…

Менимче бул натуура көрүнүш… “Баатыр” болом дегендердин ар бири өз “райымын” табуусу зарыл, байлыгынын булагы “шектүү” болгон өлкөдө жалгыз эле Раим Матраимов бекен, ар бир айыл болбосо дагы ар бир шаар же райондо ондогон белгилүү эле “миллиондор” бар го… Бажыканада жалгыз эле Раим Матраимов иштептирби? Же Бажыдан башка жакта коррупция жокпу?

Атамбаев өзү камаганга даабай, жада калса кызматтан да коррупция деген негизде эмес, жылма эле “ишеничтен кеткенине байланыштуу”- деп Исаков кетирип, анан “эмне камабайсың?”- дегендей кылып президент Жээнбековго сыйыртмак ыргытып, ага карата бет тырмарлык кылып жаткан Раим Матраимов темасын көтөрүү, аны сыртынан “тепкилеш” оңой… Атамбаев анча акыйкат болсо ошол өзү кызматта турганда камабайт беле Матраимовду, дагы бир Матраимовду СДПКга жолотпой, депутат кылбай койбойт беле…

Ооз учунда бийликтен коррупция менен күрөштү талап кылып, нааразы болуп, ал эми иш жүзүндө ошол эле айыл, район же шаарлардагы “өз миллионерлерди” мактап, “кыйын жигит, эпчил жигит, азамат…”- деп көкөлөтүп, сыйын көрүп, тамагын ичип, уюштурган оюн-зоогуна жалпыбыз менен барып эле жүрөбүз го жер-жерлерде… Шайлоолордо деле ошолордун кадыр-баркы өтүп жатпайбы… алар колдогон депутаттарды колдоп, алар айткан партияга добушубузду берип. “Ооба, билимдүү, тажырыйбалуу жигит, бирок кургурдун акчасы жок да…”- деп канчалаган чыгаан жигиттерди колдобой эле коюп жатпайбызбы… Бул биздин турмуштагы ачуу чындык, моюнга алалы…

Мына Орусияда эмне болуп жатат, камап жатышат го колтийбестин колтийбеси болгон ФСБнын кызматкерлерин, үйлөрүнө акчаны ороолоп жыйнап алышыптыр… Эмне, бизде жокпу андайлар? Биздин сот, прокуратура, коопсуздук кызматы, салык кызматы, каттоо кызматы, милисада же дагы бир жерде иштегендер жер кепеде жашап, эшек араба минип жүрүшөбү? Алардын арасында дагы “хан сарайларда” жашап, кымбат жолтандабастарды минип, акчаны буртулдатып чачып жүргөндөр толтура… Баатыр болом дегендер алып чыгышсын ошолордун бетин ачып, «баатырлыкты» көрсөтүп… Мына ошондо акыйкаттык болот деп ойлойм… Мына ошондо «ап-бали» – деп кол чапсак да болот… “БААТЫР экен, дагы бир коррупционердин бетин ачып, коомду тазалады” деп… Мына ошондо коррупция менен күрөш жалпы күрөшкө айланат… Коом тазаланат.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: