Былтыр Ош шаарына караштуу “Анар” кичи районундагы жаны салынган көп кабаттуу үйдөн майыптарга 66 батир атайын ажыратылган. Бирок, буга дейре козголгон кылмыш ишинин алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратыла турган үйлөрдүн Ош шаардык мэриясынын кызматкерлерине жана турак жай-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрүнө энчиленип кеткендиги тастыкталды.
Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, 2017-жылы “Анар” кичи районундагы жаны салынган көп кабаттуу уйден мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 66 батир бөлүнгөн. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө 8 жаран турак жайы жоктугу туурасында жасалма маалымкат алып, 32 адамдын батир берилгенге чейин эле Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында турак жайлары болгондугу ырасталды. Мындан тышкары, үчүнчү топтогу 9 майып адам мыйзамсыз батир алышкан. Негизи мыйзамга ылайык-биринчи жана экинчи топтогу майыпар биринчи кезекте турак жай менен камсыздалышы керек эле.
Ошентип, бул фактынын негизинде Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш жаза Кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 205-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ