Menu

Мирзиёев француз компанияларын Өзбекстанга инвестиция салууга чакырды

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 9-октябрда ири француз компанияларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууга Total, Total EREN, Orano, Fives Stein, Thales Alenia Space компаниялары, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Француз өнүгүү агенттигинин башчылары катышты.

«Чет өлкөлөр менен түз диалог куруу үчүн Өзбекстан президентинин алдында атайын кеңеш түзүү чечими кабыл алынды. Анын максаты – Өзбекстандагы инвестициялык климатты дайыма жакшыртуу үчүн инвесторлордун пикирлерин эске алуу аркылуу сунуштарды иштеп чыгуу. Сиздерди кеңештин ишине активдүү катышууга чакырам», – деди Шавкат Мирзиёев.

Француз ишкерлери валюта системасын либералдаштыруу, виза режимин жоюу өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзгөнүн белгилешти.

Мирзиёев Парижге барар алдында 5 миллиард еврого бааланган инвестициялык долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлган.

Ошондой эле Өзбекстан Франция жарандары үчүн виза режимин жойгон. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Франциянын жарандары Өзбекстанда эми 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: