Menu

Ажобуз экс-премьерлер менен спикерлердин акылына муктажбы?

Бөлүшүү:

Апта башында президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапары менен барып, бир катар социалдык объектилердин ачылышы, ага удаа карапайым эл менен жолугуп кайтты.

Таластык туугандарыбыз менен жолугушууда өлкө башчыбыз Жээнбеков буга дейре жарандык коом өкүлдөрү, ЖМК жетекчилери, ишкерлер менен жолукканын эске салып, коомдогу баардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошкусу келген жигердүү адамдардын башын бириктирүүгө аракет кылып, алдыңкы күндөрү маданият, илим ишмерлери, өкмөттүн, парламенттин мурдагы жетекчилери жана өлкөдөгү донорлор менен жолугууну пландап жатканын билдирди.

Кызыгы, президент буга чейинки өлкөбүздүн өкмөтүн жетектешкен экс-премьер-министрлер жана мурдагы парламент төрагалары менен жолугуп, алардын өлкөнү өнүктүрүү тууралуу ойлорун укканга дилгир болуп жаткан экен. Эгемендүүлүктү алгандан бери ар жылы өкмөт башчылар менен спикерлер алмаша берип, алардын саны учурда «иттин кара капталына» жетти. Санак жетпейт. Айрымдары камакта отурушса, арты буга чейин кесилип, соттолуп, элдин ырыскысына кол салгандары билинип, абийирлери төгүлгөнү жалган дейсиңерби? Президент Жээнбеков жолугууга куштар болуп жаткан парламенттин мурдагы төрагалары менен экс-премьер-министрлердин өлкөнү өнүктүрүү боюнча ойлору жакшы болсо Кыргызстан баардык жагынан бүгүнкүдөй балчыкка батат беле? Биз азырынча башына иш түшкөн Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков тууралуу кеп козгобой туралы. Бакиев доорунда өкмөттү жетектеп, кийин уурулугу ашкере болуп, сот аркылуу мандатынан ажыратылган Игорь Чудиновдон эмне ой чыгат? Же өкмөт башчы болуп турганда кыргызга кетпес кегиндей иш кылышып, акыры Кыргызстанды шылдың кылгансып чет өлкөгө баса беришкен бозгундагы Николай Танаев менен Данияр Үсөновдун акылына азыркы президентибиз муктаж болуп жатабы? Аксакалдык доорунда калыс сөзүн айта албай, кай бийлик келбесин мактап-жактамайды «өнөр көрүп алган» Феликс Куловдон кандай акыл чыгат болду экен? Акаев доорунда баш айланткан карьералык жүрүш жасап, Бишкектен эле катар-катар имараттарды менчиктештирип, жомоктогудай байыган мурдагы өкмөт башчы Кубанычбек Жумалиевдин акылына азыркы ажобуз куштар болуп жатса, анда мындайда оозуңа сөз да келбей калат экен. Ал эми калган премьер-министрлерди атоодон керек болсо жийиркенесиң.

Кыргыз парламентин буга чейин жетектегендер деле береги экс-премьерлерден ашса ашат, алды кем калбайт. Ишиндеги кылтың-мылтың жүрүштөрү билинип калып, бийлик тарабынан камалып чыккан Ишенбай Кадырбеков жана жаңгак чыры менен спикерликтен шыпырылган Адахан Мадумаровдорду кимдер билбейт? Башка «Акжолдун» ыпыр-сыпыр сымал спикерлерине кеп деле жок. Жөн гана уяласың.

Президент эң ириде жүздөрү эбак жышылып, калкына эмес, өзүнүн тууганына кадыры жок экс-чиновниктерге караганда, элге-журтка сөзү өтүмдүү, турмуштук тажрыйбасы бийик инсандар менен масилеттешип, бат-баттан элге чыгып турса иши оңунан чыкмак. Берегидей алдым-жуттумдар менен жолугушканы ажого кадыр-барк деле алып келбейт. Кимдин ким экенин элибиз эчак билип бүткөн.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: