Menu

Бай аялдардын сап башындагылары

Бөлүшүү:

Союздун ыдырап кетиши керек болсо аялдардын да көз карашын өзгөртүп, мурдагы ой-жооруларынан кайттырып башкача чыйыр салдырууга демилге көтөрттү. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында жылдызы жанган бизнесмен, банкир, чыгаан кызматкер айымдардын тобу пайда болуп, жигиттерден  да дымактуулары жарк этти. Маселен, депутат, аким, губернатор болгон Токон Шайлиеванын  дымагынын сууганына аз эле убакыт болду десек болот. Ага чейин кээде эркектер менен кыл чайнашкан, аларды паска чапкан учурлары кездешкенин унута элекпиз.  Анын соода түйүндөрү, башка каражат түшүргөн тармактары эмдигиче берекесин жогото элек. Дале болсо демдүү, күчтүүлүгү менен көздөгөнүн бербей келет.

Башка деле капчыктуу айымдардан уучубуз кур эмес. Ошол эле Шарипа Садыбакасованын  демдүү аракетинин үзүрү кайтарымдуу болду десек болот. Кээде банктарын алдырганы болбосо анчалык жабыр тартпады. Азыр деле жайыл дасторкондуу экенин билебиз.  Конституциялык сотту чеңгелдеп, катыра ырдаган Чолпон Баекованын  доорун ушул кезге чейин суктанып айтып жүрүшкөнү бекерден эместир? Бул айымдын деле таасири өчүп калды дешке негиз жок. Капыстан коңгуроо чалынса кимиси болсо да аный дей албайт. Анткени кезинде Баекованын деле жардамы тийгендир? Эмнеси болсо да жогорто кепке алынган асыл эжелердин калтырган издери бараандуу болгону ырас.

Учур чакка келсек деле байлыкты жетиштүү жыйнаган асылзаада айымдарыбызга көзүбүз түшөөрү калетсиз. Дагы бир Чолпон Султанбекова деген чырайлуу замандашыбыз чыкканын жалпы калайык калк билет. Жогорку кеңеште депутат болгон кезинде, андан кийин өкмөттүн орун басары болуп иштегенде өзүнүн деңгээлин айгинелеп, элдин жылуу пикирине арзыды. Байлыгын катып албай кээде кайрымдуулук иштерин да көрсөтүп келатканы кубандырат. Парламентте тырсылдап ачык кебин айтууга жараган Элвира Сурабалдиева деген депутатыбыздын да арыштары байсалдуу болууда. Анын деле турмушу башкаларга салыштырмалуу тыңгылыктуу экенин айттырбай билебиз.  Динара Исаеванын деле “кырманы” бош эмес, кызылга кабаттап бастырылган. Кара-Балта тараптагы шайлоочуларына колу бош кезинде барып саламдашып, алардын кем-каржысына көмөк көрсөткөнүн угуп калабыз. Микрофон талашып сүйлөбөгөнү менен ушинтип айрым убакта иш жасап коет экен. Кандай деген күндө да Теңир буларга ырыскысын чачып коюптур. Маңдайга жазылганын көрбөскө чара барбы?  Буйруганын  жей беришсин, каалагандай оокатын жасашсын, болгону элине берекесинен бөлүшкөндү унутушпасын?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: