Menu

Москвада жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык жазасын эркиндикте өтөмөй болду

Бөлүшүү:

Москванын Тверь соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна карата чыгарган өкүмүн угузду. Адвокаттар мурда сурангандай эле, ал жаза мөөнөтүн түрмөдөн тышкары өтөмөй болду.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Анарбек уулун 1 жыл 6 ай мажбурлап иштетип, 500 миң рубль төлөтмөй болушту. Мындан тышкары, ал үч жыл машине айдоо укугунан ажыратылат.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кылмыш ишин козгогон. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши анча оор эмес жараат алган.

Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле ичкилик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан ыйлап кечирим сураган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: