Menu

Активисттер Бокаев менен Аян Казакстан бийлигин сотко беришти

Бөлүшүү:

Жер реформасына каршы 2016-жылдары ири нааразылык акцияларын уюштурган казакстандык активисттер Талгат Аян менен Макс Бокаев «партияга мүчө эмес жарандардын жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуу укугун чектеген» шайлоо мыйзамын жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылышты.

Активисттер жоопкер катары Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки палатанын төрагаларын көрсөтүшкөн. Бул тууралуу Талгат Аян Фейсбуктагы баракчасына жазды. Аян менен Бокаев 2018-жылы шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр Конституцияга каршы келерин, Баш мыйзамда казакстандыктардын мамлекеттик башкарууга катышуусу кепилдендирилгенин жана алардын жергиликтүү органдарга шайлануу укугу тебеленип жатканын билдиришүүдө.

Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлгөндөн кийин 2021-жылы 10-январда шайлоочулар талапкерлерге эмес, саясий партияларга добуш беришкен. Бюллетенде беш партия болгон. Маслихаттагы көпчүлүк мандатты мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген «Нур Отан» партиясы алган.

2016-жылы Казакстанда айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө сатууга жана узак мөөнөткө ижарага берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна коомчулук наарызы болуп, жапырт акцияларга чыгышкан. Толкундоо алгач Атырау шаарында башталып, митингге чыгууну Талгат Аян менен Макс Бокаев демилгелеген. Активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аян беш жылга эркинен ажыратылган. Аларга «социалдык араздашууну козутуу, жалган маалымат таратуу жана митингдер жөнүндө мыйзамды бузуу» беренелери боюнча айып тагылган.

2018-жылы апрелде сот Талгат Аянды анын өтүнүчү боюнча бошоткон, кийинчерээк актаган. Анда Макс Бокаев «мөөнөтүнөн мурда бошотууну сурабайм» деп билдирген. Ал быйыл 4-февралда түрмөдөн чыкты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: