КР УКМК контрабандага каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында тиешелүү ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүдө.
УКМКнын басма сөзкызматы билдиргендей, 27-мартта КР УКМК «Жаны-Жер» чек ара заставасынын аскер кызматкерлеринин жардамы менен жана УКМК чек-ара кызматынын ыкчам иштөө башкармалыгы менен биргеликте, Баткен райондук сотунун санкциясы боюнча, «Шоро» май куюучу жайынын кампасы тинтүүгө алынган.
Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагында КР жарандары Р.С.Х. таандык «Volvo» чиркегичи менен жүк ташуучу автоунаа жана К.А.Р таандык болгон «Mercedes-Atego» автоунааларынан, коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М. таандык контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидорлор табылып алынды.
Кармалган адамдар Баткен райондук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда унаанын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине укуктук баа берилмекчи.
Аталган иштин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ