Бүгүн, 16-сентябрдын кечинде Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек ара аймагында болгон атышуулардан кийин КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүү учурунда Чынгыз Айдарбеков Тажикстандын аскер кызматкерлеринин КР Чек ара кызматынын “Максат” жана “Сай” чек ара бекеттеринин аскерлерине жана жергиликтүү калкка карата курал колдонуусу жол берилгис ката экенин белгиледи.
Ошол эле учурда Чынгыз Айдарбеков өзүнүн тажик коллегасына Тажикстандын аскерлеринин ок атуусунан улам бир кыргыз жоокери каза болуп, эки жоокер жаракат алганын, чек ара бекеттери жана жарандардын үйлөрү зыян тартканын билдирди.
Ошондой эле Чынгыз Айдарбеков Тажикстандын аскерлери биринчи болуп ок ата башташканын, анын ичинде минометтор менен аткылашканын баса белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ